Ош: көп кабаттуу үйлөрдөгү подъездердин абалы текшериле баштады

Текшерүүдө тазалык эле каралбастан, коопсуздуктун сакталышы да эске алынат. Бул боюнча шаар мэриясынын токтому чыгып, ар бир аймактык кеңештердеги үйлөр боюнча жооптулар дайындалган. Подъезддер квартал сайын көзөмөлгө алынып, алгач эскертүүлөр берилет. Эгер коюлган талап аткарылбаса, мыйзам чегинде чара көрүлмөкчү.

Алгачкылардан болуп шаар мэриясынан адистер Төлөйкөн кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн подъездерин текшерип чыгышты.Тилеке каршы көбүндө абал көңүл жылытаарлык эмес экенин аныкташты. 30 жыл мурун курулган үйлөрдүн подъездери ошол бойдон каралбай калган.

Төлөйкөн кичи районундагы №27 үйдүн башчысы Асылкан Сатыбалдиеванын айтымында, бардык үйдүн подъезддеринде ар кайсы жерге чапталган кулактандыруулар бар.  Жашоочулар кагаздарды кайсыл учурда, ким илип кеткенин дагы көрбөй калышат.

Негизи подъезддерди жашоочулар 3 жыл сайын өздөрүнүн каржылыгы астында ремонттоп турушу керек. Ошондой эле техникалык коопсуздугу дагы каралуусу шарт. Себеби көп кабаттуу үйлөр жеке менчик катары эсептелгендиктен экологиялык жана техникалык мекеменин адистери өз алдынча оңдоо иштерин жүргүзө  албайт.

Эми квартал сайын подъезддердин тазалыгы менен коопсуздугу текшерилип турат. Ал үчүн Ош мэриясы өткөн айда буйрук чыгарган. Токтомдун негизинде тиешелүү адистер бардык аймактык кеңештерге бөлүндү.  Эгерде көзөмөлдөрдөн дагы майнап чыкпаса, азыркы токтомго өзгөртүүлөр киргизилип, кайра иштелип чыгышы мүмкүн.

Ош шаары боюнча 650 көп кабаттуу үй бар. Анын канча пайызында тазалык, коопсуздук эрежелери сакталаары текшерүүлөрдүн жыйынытыгында анык болот.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.