Ош: ипотекадан түшкөн акча 3 жылдан бери колдонулбай турганына депутат нааразы

Ош шаардык муниципалдык ипотекалык программадан чогулуп жаткан акча 3 жылдан бери максаттуу пайдаланылбай турат. Азыр банктык эсепте жаткан 170 млн сомду 12%дык чен менен депозитке салганда, мэрия бул аралыкта 60 млн сом же көп кабаттуу бир үйдүн акчасына жетерлик пайда көрмөк. Бул тууралуу депутат Алимжан Байгазаков бүгүн шаардык кеңештин сессиясында билдирди.

Бирок эл өкүлүнүн мындай эсебине мэрия макул болгон жок. Жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселеси боюнча департаменттин башчысы Кутманалы Абдырахман уулунун айтымында, мыйзам боюнча алар бюджеттик акчаны коммерциялык багытта пайдалана алышпайт.

“Биринчиден, 170 млн 500 миң сомдун басымдуусу акыркы бир жылда топтолду. Экинчиден, бюджеттик акчаны  коммерциялык багытта колдонууга бизде укук жок. Турак-жай курулушун өнүктүрүү фондунун жол-жобосун шаардык кеңеш бекитип берсин, ошондо бул жагдайды өзгөртсө болот”, – деди Абдырахман уулу.

Жетекчинин мындай жообуна депутат Алимжан Байгазаков канааттанган жок.

“Эмне үчүн мэрия 3 жыл күтүп отура берди? Жыл сайын 20 млн сомдон кур калганыбызды моюнга алгыла!” – деди эл өкүлү.

2010-жылдагы июнь окуясынан жабыркагандар үчүн деп мамлекет курган үйлөрдөн ашып калган батирлерди Ош шаардык мэриясы ипотекалык негизде “Айыл банк” аркылуу  мамкызматкерлерге берген. Программа катышуучуларынан чогулган акчага мэрия кайрадан эле көп кабаттуу үйлөрдү курганы жатат. Бирок ипотекалык программада 6%дык үстөк коммерциялык кызыкчылык катары эсептелгендиктен, төгүм акчага кайра үй куруп баштоого мэрияда азыр укук жок. Бул Бюджеттик кодекске каршы келет.

“Ошондуктан биз Турак-жай курулушун өнүктүрүү фондунун жобосун иштеп чыктык. Шаардык кеңеш аны бекитип бергенден кийин гана банкта чогулган акчага биз кийинки көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун баштайбыз. Бул үчүн жер тилкеси даяр” , – деп түшүндүрдү Абдырахман уулу.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar