Ош: гараждардын алынуусуна макулсузбу? Сурамжылоо

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы унаа коюуучу гараждар алынат. Анын ордуна заманбап үлгүдөгү акы алынуучу  жайлар курулат. Бул боюнча Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев тиешелүү тараптарга тапшырма берди. 

Шаарда 640 көп кабаттуу үй бар. Аларда жашаган гаражы бар жарандар жылына, 210 сомдон төлөп келишкен. Бул каражаттан шаар казынасына жылына 200 миң сомдун тегерегинде гана акча түшүп турган.

Ал эми жаңы, заманбап курулган жайда ар бир машинага суткасына 10 сомдон алыныш мүмкүн. Ошондо ар бир унаа үчүн, айына болжолдуу 300, жылына 3600 сом акы төлөнүшү мүмкүн.  А сиз бул демилгеге кандай карайсыз?

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген