Ош: футбол академияда окуу акысы жылына $600 тегерегинде болот

Оштогу жаңы ачылган футбол академиясында бир жылдык окуу акысы 600 доллар деп эсептелинип жатат. Кабыл алынган балдардын саны көп болсо, баа төмөндөшү мүмкүн. Социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жеңилдиктер каралууда. 

Азыркы тапта академияга балдарды тандоо жүрүп жатат. Ушул күнгө чейин 600 бала кайрылды. Тандоонун биринчи туру 1-ноябрга чейин уланат. Бул өспүрүмдөрдүн ичинен эң мыкты деп табылган жүзгө жакын жаш футболчулар гана академияда билим алууга мүмкүндүк алат.  Өспүрүмдөрдүн жашы 6 жаштан 15ке чейин деп белгиленген. Аларды жаш курагына карап Кыргызстан, Бразилия жана Орусиядан келген тренерлер машыктырып жатышат.

А.Момунов атындагы футбол академиясынын башчысынын милдетин аткаруучу Руслан Алтыбаевдин айтымында, өзгөчө 13-14-жаштагыларга өзгөчө көңүл бурулат. Себеби эл аралык квалификация боюнча белгиленген жаштагылар арасында чемпионаттар өтөт. Ага байланыштуу балдарды дайыма көзөмөлдөп, машыктыруу үчүн жатаканага жайгаштырылат. Футболдон сырткары кошумча предметтик сабактар да окутулат.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz