“Ош-Фест-2017” туристтик фестивалы өтөт

19-августта, Ош шаарында “Ош-Фест-2017” туристтик фестивалы уюштурулат. Иш чаранын меймандары менен катышуучулары Курманжан-Датка аймактык кеңешиндеги Карл Маркс мектебинен кербен менен жолго чыгып,”Шакиров” жана “Нурматов” көчөлөрү аркылуу  Т. Сатылганов эс алуу багына келишет.  Топ эс алуу аянттындагы тамак-аштар менен таанышышат. Ошондой эле катышуучуларга кол өнөрчүлөрдүн эмгектери да коюлат.

Мындан сырткары ыр, бийлер, “Кыз узатуу” жана “Жар-жар” айтуу салты көрсөтүлөт. Эс алуу жайдын ичинде тушоо кесүү салты уюштурулуп, балдардын тушоосун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кесишет.

Фестивалдын соңунда “Аркан тартыш” улуттук оюну көрсөтүлөт.

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz