Ош- Эркечтам жолундагы кырсыктан өспүрүм каза болду

22-декабрь күнү Ош- Эркечтам эл аралык маанидеги автожолунун 3-чакырымында  катталган жол кырсык, жаш өспүрүмдүн өмүрүн алды. Бул тууралуу  “Ынтымакка” Ош облустук ЖКККнын өкүлү Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Анда “ Мердес-Бенц-308D” үлгүсүндөгү авто унаа карама-каршы багытка чыгып ролун башкара албай  “ SHAANXI-SX5314”  үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагылган.

Натыйжада, Өзгөн районунун тургуну алган жараатынан улам Ош облусттук ооруканасында каза болду. Ал эми, калган жабырланган  Кара-Суу районунун тургундары денесинен жаракат алышып оорууканага жеткирилди.

Учурда аталган кырсык боюнча Кара-Суу РИИБнын тергөө кызматы текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.