Ош: элдик революциянын 7 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө өттү

5-апрелде, Ошто апрель-элдик  революциясынын 7 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду. Анда иш-чараны чагылдырган 110дөн ашуун сүрөттөр коюлду. Ага бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана революциянын каармандары, мекеме ишканалардын кызматкерлери катышышты.

“Мындан жети жыл мурун Кыргызстандын тарыхында чоң окуя болгон. Андагы окуядан 90дон ашуун жаран каза тапкан. Бул күнгө карата иш-чаралар уюштурулуп, курман болгондор эскерилип турат”-деп белгиледи биринчи вице-мэр З.Аскаров.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда эл көтөрүлүп, бийлик алмашкан. Бул күнү жыл сайын өлкө аймактарында революция курмандыктары эскерүү жана башка иш чаралар өтөт. 7-апрель – Элдик революция күнү календарда “кызыл” менен белгиленгендиктен, кыргызстандыктар эс алышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.