Ош эл аралык аэропортунда жаңы каттам ачылды

Ош эл аралык аэропортунда “Ростов-на-Дон –Азимут” авиакомпаниясынын жаңы чартердик рейси салтанаттуу тосулуп алынды.

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, Ошко биринчи каттам менен 60 жүргүнчү учуп келишти.

“Ростов-на-Дону шаарына 83 жүргүнчү учуп кетти. Рейс жумасына бир жолу – бейшемби күнү жүргүзүлөт”.

Кеткен жана келген жүргүнчүлөр бул каттамдын ыңгайлуулугун белгилешкенин айтылат маалыматта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.