Ош: дзюдочулар Европа кубогундо байгелүү орундарды багындырышты

1-2-апрель аралыгында Евпора менен Казакстанда эки мелдеш уюштурулду. Бул эки таймашта тең Ош шаарынын атынан барган спортчулар алдыңкы орундарды камсыз кыла алышты.

Биринчи мелдеш Европада өтүп, анда 20 мамлекеттен келген спортчулар күч сынашты. Спорттук таймашта Ош шаарынын атынан катышкан Кыбаныч Айбек уулу үчүнчү орунду ээледи.

Экинчи спорттук иш-чара Казакстанда өттү. Жаштар арасында өткөн мелдеште Бексултан Султанов 3-орунга ээ болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген