Ош: Достук аймактык кеңешинде көпүрө курулууда

Өтмөк Достук аймактык кеңешинин Санкт-Петербург көчөсүндө курулуп жатат. Ага 5, 4 млн сом бөлүндү.

“Бул жердеги көпүрөнүн эскилиги жеткен. Ошондуктан жаңысы курулуп жатат. Ошондой эле аймактагы канализация да оңдолууда”,-деп белгилешти шаардык мэриянын маалымат кызматынан.

Шаардагы Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүндөгү өтмөк июль айында пайдаланууга берилет. Көпүрөнүн узундугу 45, туурасы 15  метрди түзөт.

Баасы болсо 21,2 млн сомго бааланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген