Ош депутаттары бир жылда кандай иштерди аткарды?

Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын шайланганына бир жыл болду. Бир топ убадалар менен келген эл өкүлдөрү бир жылда эмне жумуштарды жасады? “Ынтымактын” “Өңүт” программасы ушул суроого жооп издеди.

Шаардагы активисттердин бири  Айбек Таалайбек уулу депутаттар аткарып жаткан иштердин жыйынтыгы дээрлик байкалбаганын айтат. Орчундуу маселелерди көтөрүп чыгып, чечүү жолдорун издеген эл өкүлдөрү көзгө көрүнүп, эл оозуна алынгыдай боло элек деп сынга алды.

“Шаардык кеңеш бийликтин бир бутагы иш алып барганын көрө албай жатабыз. Мэрия менен эне-баладай болуп, ээрчишип иштеп жатышат. Депутаттардын мэрия менен талашып-тартышып, элдин көйгөйүн алып чыкканын бир жылдан бери көрө элекпиз”, – деди Айбек Таалайбек уулу.

Ош шаардык кеңешине 2016-жылдын 27-мартында шайлоо өтүп,  партия өкүлдөрү алдыда аткара турган программаларын көрсөтүшкөн болчу. Анын ичинен шайлоочулар тарабынан 6 партия добуш алып, мандатка ээ болгон. Азыр шаардык кеңеште 45 депутат иштеп жатат.

Шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов билдиргендей, шаардагы маселелердин үстүнөн тынымсыз иш алып барган 6 депутаттык комиссия бар.

“Бүгүнкү күндө шаарда көптөгөн өнүгүү, өсүүлөр болуп жатат. Мына ошол иштердин баарынын башында шаардык кеңештин депутаттары турат десек жаңылышпайбыз. Коммуналдык тейлөө багыты, социалдык багыт, экономика тармагы боюнча депутаттардын кызуу талкуусунун жыйынтыгында кабыл алынган токтомдордун негизинде иш алып барылып жатат”, – деди Жапар Ормонов.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz