Ош чек ара отряды элүү жылдык майрамын белгиледи

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош чек ара отрядына 50 жыл толду. Чейрек кылым аралыгында аталган бөлүм өлкөдөгү миңдеген чек арачыларды тарбиялап, калктын бейпилдигин камсыздоого салым кошту.

Чек ара кызматынын Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы Рустамбек Жуматаевдин айтымында, 1967-жылы түзүлгөн чек ара отрядында убагында курал-жарак, техникалар болгон эмес. Аскерлердин тамак-ашы да каралбай, кыйынчылыктар жаралган. Андан кийин техникалык база жакшыра баштаган.

Аталаган отряддын аскерлери 1999-2000-жылдардагы Баткен, 2010-жылдагы июнь окуяларында мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн салым кошушкан. Ошондой эле Памир жана Тянь-Шань тоо кыркаларынын ортосундагы Алай өрөөнүнүн тилкесин да кайтарышкан.

Көп жылдардан бери чек аранын бекемделишине салым кошуп келе жаткан Ош чек ара отряды элүү жылдык майрамын белгилешти. Мында жаш аскерлерге отряддын тарыхы тууралуу айтышып, окту таамай атуу боюнча өз ара мелдеш өткөрүштү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген