Ош: үч айда беш адам өз өмүрүн кыйды

Ош шаарында жыл башынан бери беш адам өз өмүрүнө кол салды. Дагы 41 адам жанын кыюуга аракет жасашкан. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

“Акыркы кездери өз жанын кыюуга аракет жасагандардын саны көбөйүүдө. Алардын басымдуу бөлүгүн кыздар түзүп жатат. Дарыгерлер жанына кол салгандарды сактап калганы менен, алар жаштайынан майып болуп калып жатышат”,-деп белгилешти башкармалыктан.

10-апрелден бери дагы үч адам дары ичип, жанын кыюуга аракет кылган. Алардын баары 20 жаштагы кыздар. Алар учурда Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатышат.

Сүрөт: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.