Ош: Быйыл мектептер 84 пайыз китеп менен камсыз болду

Жаңы окуу жылында Ош шарынын мектептери 84 пайыз китеп менен камсыздалды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Дилбар Полотова билдирди.

Анын айтымында, калаада жалпы 53 мектеп бар. Анын ичинде окутуу орус жана өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептер бар.

 “Азыркы тапта, кыргыз метептеринде окуу китептери жетиштүү болгондуктан, ашып калган окуу китептерин өзбек тилдүү мектептерге берилди. Ал эми орус тилдүү мектептерде китеп жетишсиз болгондуктан, ата-энелер өздөрү сатып алышууда”,-деди Полотова.

2019-2020-окуу жылында Кыргыз мектептер 95%, өзбек мектептер 78% ал эми окуту орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер 75% китеп менен камсыздалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген