Ош: борбордук аянтка жаңы жылга карата атайын урналар орнотулду

Ош шаарынын борбордук аянтына жаңы жыл майрамына карата атайын 10 урна орнотулду. Майрам күнү жалпысынан “Ош-Тазалык” ишканасынын 15 шыпыруучу кызматкери жана бир жүк ташуучу техникасы нөөмөт менен иштейт. Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган ишкананын жетекчисинин орун басары Сардар Тажибаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-декабрдан бери бир жүк ташуучу унаа жана төрт шыпыруучу атайын нөмөт менен борбордук аянтта иштеп жатат. Алар саат 16:00дөн 20:00гө чейин таштандыларды тазалоо иштерин жүргүзүшөт.

Майрам күнү келген конокторго түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, таштандыны урнага таштоо керектиги айтылып тураары маалымдалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген