Ош: боорукердик үйүндөгү карыялар акысыз медициналык кароодон өтүп жатышат

Ош шаарындагы “Боорукердик”  балдар үйүндөгү карылар медициналык кароодон өтүштү. Аларды “Дени сак эл” ассоциациясы текшерип, тиштерин дарылоодон өткөрүштү. Карыларга кошулуп балдардын да саламаттыгы текшерилди.

Жалпы 30га жакын адам тиш оорусу менен жабыркай турганы аныкталды. Тиши түшүп калган карылардын ар бирине тиш салууга 15 миң сом кетери аныкталды. Ал сумманы да ассоциация каржылап бере турган болду.

Карылардын көбүнүн тиштери түшүп калган. Оңдоп берип жатабыз. Ал эми балдар болсо тиштин чиришине (кариес) каршы дары дармек алышты”,- деди “Ак тиш” дарылоо борборунун дарыгери Сталбек Гаппаров .

“Дени сак эл” ассоциациясы мындан ары да акысыз кызмат көрсөтүүлөрдү улантат. Алар социалдык жактан аз камсыз болгондорго жардам берүүгө максатталып текшерүү иштерин жүргүзүп келишет.

Бүгүнкү күндө ассоциацияда 70ке жакын дарыгер бар. Алар  буга чейин Өзгөн, Араван жана Кочкор-Ата райондорунун тургундарына акысыз медициналык кызмат  көрсөтүшкөн. Акыркы жолу  Кара-Суудагы  дүлөй балдар мектебиндеги 170 өспүрүмдүн саламаттыгы текшерилен эле. Эгер акысыз текшерүүгө муктаждар болсо, кат түрүндө кайрылышы зарыл.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz