Ош-Бишкек-Ош багытында авиабилеттерди мезгилдүү арзандатуу маселени чечпейт

Өкмөттүн тапшырмасына ылайык, Транспорт жана жолдор министрлиги  авиакомпаниялар менен биргеликте кышкысын ички авиакаттамдарга карата билет баасын төмөндөтүүнү иштеп чыкты. Эми  “Air Manas”, “Avia Traffic Company” жана “TezJet” авиакомпаниялары ички каттамдарга билеттердин наркын арзандатат. Ал баа аба ырайы кескин өзгөргөндө гана күчүнө кирет.  

ӨКМ аба ырайы кескин өзгөргөнүн эскерткен учурда билеттер 2700 сомдук наркынан 27 пайызга  арзан  (ошондо 1970 сомдон)сатылат. Мындай учурларда Төө-Ашууда жана Бишкек-Ош унаа жолунун башка катаал участкаларында транспортко чектөө киргизилет. Аба ырайы турукташкан соң, авиабилеттер кайрадан мурдагы баасында сатылат.

Адистердин айтымында, өкмөт 27 пайыздык арзандатуу менен көйгөйдү чече албайт. Элдин капчыгына туура келген туруктуу наркты коюш үчүн авикомпанияларга да колдоо көрсөтүшү шарт. Авиабилеттердин баасынын жогору болуп жатышына аэропорттун кызматтарынын баасы өтө кымбаттыгы да себеп деп эсептешет.

Буга чейин Ош-Бишкек-Ош багыттары боюнча авиабилеттердин баасы 5 миң сомго чейин чыккан. Кыш келгенде жол тайгак болуп, жүргүнчүлөр көбүнчө учак менен каттоого аргасыз болушат. Баанын өтө кымбат экендиги парламентте көтөрүлүп, натыйжада кыш ичи наркыт 4 миң сомдон ашырбоо токтому чыккан.  Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча күн сайын 2 ден 6га чейин каттам болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген