Ош-Бишкек каттамы саат бирден бери кармалып турат

Бүгүн, 28-июнда Ош-Бишкек каттамындагы учактар саат бирден бери кармалып турушат. Жүргүнчүлөрду аэропорттун сыртына чыгарбай жатат. Бул тууралуу “Ынтымакка” окурмандар кабарлашты.

“Биз саат 13:50дө, “Pegasus”‎ авикомпаниясынын 198-рейси менен учмакпыз. Бирок андан бери кармалып турабыз. Учпай жатканынын себептерин түшүндүрбөй жатышат. Ар кандай шылтоолорду айтышууда”,-деди окурман.

Ал кошумчалагандай, жүргүнчүлөрдү сыртка чыгарбай жатат. Чыксаңар киргизбейбиз деген талаптарды коюшууда деди ал.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz