Ош: Бирдиктүү салык декларациясын убагында тапшырбагандарга айып пул салынат

Ош шаарында 2019-жылы үчүн бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбагандарга айып пул салынат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү мекеме уюмдар үчүн ушул жылдын 1-мартына чейин, ал эми физикалык жактар үчүн 1-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Салыкты өз убагында тапшырбаган жеке тараптарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген