Ош: бир айдан кийин көп кабаттуу үйлөрдүн короолору жарыктандырылып бүтөт

Ош шаарындагы 640 көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна түнкү чырактарды коюп жатышат. Бул жумуштар бир жарым айдан кийин аяктап, калаадагы бардык үйлөр түнкүсүн жарыктандырылат. Керектүү жабдыктарды алып келүүгө жана орнотууга жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сом бөлүндү.

Жумуштар Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жатат. Алгачкылардан болуп Кулатов кичи районундагы үйлөр түнкү чырактар менен камсыз болду. Алдыда башка райондордогу турак жайлар да туташтырылат.

Долбоор шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн ишке ашууда. Ошондой эле түнкүсүн жүз берүүчү кылмыштарга бөгөт коюга максатталып, ыңгайлуулук жаратууну көздөп жатат.

Бир жарым айдан кийин жумуштар толук аяктайт. Жарактан чыккан түнкү чырактарды оңдоо иштерин “Шаарсвет” Ош электр жарык тармактар ишканасы көзөмөлгө алат.

Шаар бийлиги бул долбоор аяктаган соң, көп кабаттуу үйлөрдүн алдын асфальттоо боюнча жумушту баштайт. Андан кийин видео камералар орнотулат.

Материалды даярдаган: Абдумалик Базарбаев

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген