Ош бийлиги быйыл 523 даракты кыюуга жол берди. Бул башка жылдарга салыштырмалуу алты эсеге көп

Шаардык мэрия Оштогу эки көчөдөн жалпы 523 даракты кыйды. Бул жолдорду кеңейтүү менен тез жардам кызматына шарт түзүү максатында ишке ашты. Бирок жергиликтүү бийлик  ансыз да жашыл аймагы аз, бирок автоунаасы көп калаадагы экологиялык оор кырдаалды эсепке алган жок.

Ош шаарындагы Шакиров көчөсүнүн мурунку жана азыркы көрүнүшү

Ош шаарында акыркы он жылда 300  миң дарак отургузулган жок

Аскар Шакиров көчөсүн кеңейтип, Уркия Салиева көчөсүн тез жардам кызматы үчүн ачуу үчүн бак-дарактарды кыюу боюнча мэриянын сунушун шаардык кеңеш  токтомун чыгарып берди. 

Быйыл кыйылган дарактардын саны Ошто акыркы 10 жылда кыйылгандардан эң көбү болуп калды. Шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын маалыматы боюнча 2010-жылдан бери шаарда жыл сайын орточо 93 дарак кыйылып келген. Алардын көпчүлүгү куурап калгандан, электр мамычалары менен жол белгилерине тоскоолдук жараткандан гана жок кылынчу. 

«Ал көчө тарып, арыктар да жок болуп кеткен эле. Дарактарды кыйбай туруп кеңейткенге болмок эмес. Дарактар турган жерден коммуналдык зымдар өтүп калат. Ошондуктан кыйылган.  Эскирген дарактар болчу. Биз ушул ай ичи кыйылган дарактардын ордуна кайра андан көбүрөөк дарак олтургузабыз», – деп түшүндүрдү Ош шаардык мэриясынын өкүлү Алтынбек Пирматов.

Жашылдандыруу комбинаты кыйылган дарактардын ордун кайра 600 дарак отургузмакчы. Бирок биздин анализ жашылдандыруу чарбасы отургузган дарактардын орточо 79%ы гана өсүп кете турганын көрсөттү. Демек, жөнөкөй эсептен деле жашыл аймак мурдагыдан азаяры айкын болуп турат. Ал эми көйгөйдүн чыныгы масштабы катардагы тургундар ойлогондон алда канча чоң. 

«Арча» коомдук фондунун изилдөөсүнө ылайык, бир кыйылган дарак үчүн 230 көчөт отургузуу керек. 

«Биринчи кезекте бул микроклиматты ысыктан коргойт. Бизге дарактардын саны эмес, анын таажысы, көп жылдыктуулугу, көлөмү маанилүү. Көлөмү жагынан орточо чоңдуктагы дарак 230 көчөттөн бир аз ашат. Толук кандуу жакшы дарактын ордун толуктоо үчүн 230 көчөт отургузуу керек болот», — деп түшүндүрөт эколог Дмитрий Ветошкин.

Бул эсептен алганда  жашылдандыруу чарба комбинаты акыркы он жылда кыйылган дарактын ордун кайра толуктоо боюнча талаптын 6 пайызын гана аткарган же 300 миңге жакын көчөттү отургуза алган эмес.

Дарактар кыйылып, унаалар көбөйүүдө

Дарактардын кыйылышынын негизги себеби жолду кеңейтүү болгон. Шаардын өзүндө эле 70 миңден ашык автоунаа болсо, кирип-чыккандарын кошкондо күн сайын Оштун көчөлөрүндө 120 миң машина жүрөт. Бул  ар бир төрт шаардыкка бирден унаа туура келет деген сөз. 

Транспорт каражаттарынан негизгинен  көмүр кычкылтеги, азоттун диоксиди сыяктуу зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. 2018-жылдын декабрь айында Ош шаарындагы абаны булгаган азот  нормадан 25 эсеге, көмүр кычкылтеги эки эсеге көп болгон.

Ошто ар бир үчүнчү бала дем алуу органдарынын дартына  кабылат

Абадагы зыяндуу заттар – адамдардын дем алуу органдарын жабыркаткан негизги факторлордун бири. Акыркы он жылда Ош шаарында балдардын дем алуу органдарындагы оорулары төрт эсеге көбөйгөн. Башкача айтканда, ар бир үчүнчү бала бул дартка кабылган. А ошол эле балдар арасында шишик ооруларынын көрсөткүчү 3 эсеге өскөн.

 

 

 

 Бир дарактын кыйылганы үч адамды «өлтүргөнгө»

 барабар

Абанын булганышы, дем алуу органдарынын жабыркашы – экологиялык көйгөйлөрдүн бизге көрүнгөн гана тарабы. Бак-дарактардын кыйылышы микроклиматка да чоң таасирин тийгизет.

Ош шаарында акыркы он жылдагы июль айында абанын температурасы 3 градуска көтөрүлгөн. Күндүн ысышы бул дүйнөлүк кургакчылыктан да болушу мүмкүн. Бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй дарактар абаны 2 градустан 8 градуска чейин салкындатат.  

Мисалы 2019-жылдын июль айында Ошто абанын орточо температурасы 35 градусту түзгөн. Эгер дарактар шаарда жетиштүү болсо мүмкүн абанын температурасы 30 градус болмок.

Жергиликтүү бийликтин, жол кеңейтүү үчүн дарак кыюуу демилгесин экологдор сындап келишет. Анткени алар арасында бир даракты кыюуу үч адамды өлтүрүү менен барабар, себеби бир түп жетилген дарак үч адам дем алчуу кычкылтек бөлүп чыгарат деп белгилешет. 

Ал эми урбанист Атай Самыйбек уулу дарак кыйбай туруп деле бул көйгөйдү чечсе боло турганын айтат.

«Тыгынды азайтуунун бир жолу гана бар. Жеке автоуналардын санын азайтуу жана альтернативдүү транспорт катары велосипед, коомдук транспортторду көбөйтүү керек. Коомдук транспорт тейлөө аймактарынын кеңейтүү жана шарттардын  өнүгүүсүнө жана тыгымдырдын азайышына себеп болушу мүмкүн. Ошол эле учурда жашыл аянттардын санын да көбөйтүш керек. Чоң шаарларда, унаалар көп жүрөт мындан улам дарак кыйганга такыр болбойт. Тескерисинче, отургузуу кажет. Биздин өлкөбүздө долборлоо жана аналитика иштер аксагандыгынан улам эффективдүү болгон чечимдерге көзүбүздү жабып коебуз», — дейт Атай Самыйбек уулу.

Ошол эле учурда ушул жылдын 5-июнунда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков экологдорду кесиптик күнү менен куттуктап жатып, жаратылышты, айлана чөйрөнү коргоо иштерин күчтөндүрүш керек деп белгилеген.

Эгер жергиликтүү бийлик дарак олтургузуу, жашылдандырууга жакынкы убактарда көңүл бурбаса, Ош шаарында ыссык аба ырайы менен күн сайын өсүп жаткан унааларындан чыккан зыяндуу заттардан адамдар анын ичинде өзгөчө балдардын түрдүү ооруларга кабылышына да алып келиши мүмкүн. 

Бирок шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинаты нормага жетпей жаткан  294 миң даракты канча олтургузат азырынча белгисиз.

Шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын маалыматына таянсак, түштүк калаада бир жашоочуга 7 чарчы метр жашыл аянт туура келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган норма боюнча бир адамга 50 чарчы метр жашыл аянт болуш керек.  Демек, Ош шаарындагы жашыл аянт нормадан 8 эсеге аз. 

Бул материал USAIDдин каржылык колдоосунда Интерньюс ишке ашырып жаткан Медиа-К долбоорунун ачык маалыматтар менен иштөө багытынын алкагында Анастасия Валееванын ментерлиги астында Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө даярдалды. Авторлордун пикири өнөктөштөрдүн пикирин билдирбейт жана алардын позициясына дал келбеши мүмкүн.

Материалды даярдагандар: Айдай Беделбек кызы, Саадат Төлөгөнова

Редакторлору: Мырзайым Жаныбек кызы, Чолпон Узакбаева, Анастасия Валеева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген