Ош базарынын жолу эмнеге жабылат?

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, Ош базарынын жолу ушул жылдын 6-8-июнь күндөрү жабылат. Анын эмне себептен жабылып жатканын төмөндөгүчө түшүндүрдү:

“Ош шаарынын Тилеке Батыр көчөсүндө чуңкурларды жамоо иштери башталгандыгына байланыштуу, Ош шаардык мэриясынын жолдор башкармалыгы, Тилеке Батыр-Райимбеков көчөлөрүнүн кесилишинен, Тилеке Батыр-Монуев көчөлөрүнүн кесилишине чейинки аралыктагы жол убактылуу жабылаарын эскертет”.

Мэрия борбордук базарга кирүүчү жол жабылып, убактылуу ыңгайсыздык жаралган үчүн кечирим сурайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген