Ош базарындагы иретсиз жайгашкан контейнерлер башка жакка көчүрүлөт. Шаардык мэрия жер издеп жатат

Ош шаарындагы борбордук базарда өрт кырсыгы 29-майда эрте мененки 7:49 чамасында катталган. Кырсык катталаар замат  куткаруучуларга кабарланып, саат 8ден 37 мүнөт өткөндө толугу менен өрт өчүрүлгөн. Ал үчүн 2 техника менен 12 өрткө каршы кызматкерлер тартылды. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес. Бирок контейнерлердеги товарлар толугу менен өрттөнүп кеткен.

Товарларды Кара-Суудан карызга алып келип сатчумун. Жаңы кийимдер бардыгы болжолдуу  55 миң сомдук эле. Анан өрт башталганда өзүм жок элем бул жерде. Саат 9 дарда кабарлап чалышты мага. Келсем бардыгы күйүп жок болуптур”,-дейт сатуучу Минавар Мурзаимова

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги келтирилген жалпы чыгымды тактап чыгат. Ал эми кырсыктын катталуу себеби  электр лампаларынан келип чыккан деп божомолдонууда.Тагырагы, алдын ала иликтөө боюнча электр жарыгы жанык калып ага жакын турган товарларды жалмап кеткен. Коопсуздукту сактоо үчүн электр энергиясын колдонууга каршы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция өткөн жылы эскертүү берген экен.

Кырсыктан кийин дароо шаардык мэриядан комиссия  түзүлүп,базардын коопсуздугун текшерип чыгышты. Жыйынтыгында тилсиз жоо катталган учурда өрт өчүрүүчү унаалар кире албай тургандыгы аныкталды.Себеби жолдон тең жарымын контейнерлер ээлеп алган.

Эми базар ичиндеги контейнерлердин орто катарда жайгашкандары башка жака көчүрүлүшү мүмкүн. Ал үчүн шаардык мэрия жер издеп жатат. Комиссия болсо соодагерлер менен сүйлөшүп алардын дагы пикирин эске алат.  Бирок базардагы өрт коопсуздугун сактап,жолду кеңейтүү боюнча өткөн жылы эле токтом кабыл алынган эле. Деген менен жарытаарлык жумуштар баштала элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген