“Ош” базарында чыккан өрт 4 саатта өчүрүлдү

Кече, 3-декабрь саат 23:38 чамасында Бейшеналиев-Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Ош” базарында дагы өрт кырсыгы катталып, 4 саатка жакын убакта өчүрүлдү.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоону чектөөгө алты бөлүм тартылган. Саат 00:52 де чектөөгө алынып, 03:31 де толук өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 500 чарчы метрде түзгөн №251 соода точкасында жайгашкан кийим-кече сатылуучу контейнерлер  күйүп кеткен.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген