Ош-Баткен-Исфана жолунда жол кырсыгы катталды

Лейлек районунда 30-сентябрь күнү саат 01:00 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318-чакырымында (Кара-Суу айылы) “Honda Fit” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Бул тууралуу “Ынтымакка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Учурда айдоочунун аты-жөнү такталууда.

Жерине  өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары  тартылып, унаада кыпчылып калган айдоочуну чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Иллюстрациялык сүрөт колдонулду.

Жылына 17 млн адам жүрөк оорусунан каза табат. Бүгүн эл аралык жүрөк күнү

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген