Ош-Баткен-Исфана жолун сел каптады

Кече саат 15:30 чамасында  катуу жааган жаандан улам сел жүрдү. Анын кесепетинен  сел өтүүчү сайдын  суусу ашып, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 280-чакырымын дагы Ак-Татыр айыл аймагын каптаган. Оор жүк ташуучу унаалар гана өтүп жатат. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылындагы Керме-Тоо тилкесинде 15 турак үйдүн жер тилкелерин сел каптаган.

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат кошумча маалымат берилет дейт билдирмеде.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген