Ош: балдар ооруканасында магниттик-резонанстык томография кайра иштей баштады

Ош областар аралык балдар клиникалык ооруканасында магниттик-резонанстык томография иштей баштады. Аппарат алты айдан бери оңдоп-түзѳѳ иштерине байланыштуу иштебей турган болчу. Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган оорукананын директору Кыялбек Ташполотов билдирди.

Маалыматка ылайык, томография кечээ, 13-ноябрдан тарта иштей баштады.

 “Магниттик-резонанстык томография учурда абдан зарыл аппараттардын бири. Ооруну аныктоо үчүн башка бир магниттик-резонанстык томографияга барбай, келген бейтаптарды жеринде изилдеп алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок бул аппараттын тетиктери абдан кымбат жана оңдоо иштери бир топ убакытты талап кылат экен”,- деп белгиледи  оорукананын директору Кыялбек Ташполотов.

Учурда бул аппараттын жардамы менен оорунун аныктамасын так чыгарууга шарттар каралганы маалымдалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген