Ош: аравандыктар үч айда өрттөн 20 миң сомго жакын зыян тартышты

Араван райойунда үч айда 10го жакын өрт кырсыгы катталды. Андан келтирилген чыгым 18 миң сомдон ашты. Бул тууралуу “Ынтымакка” райондук өрткө каршы кызмат башкармалыгынан билдиришти.

“Райондо тилсиз жоо көбүнчө турак жайларда катталып жатат. Биздин аныктообузда кырсыктын көпчүлүгү эле жер үйлөдө болду. Жабыркагандар жок”,-деп белгилешти башкармалыктан.

Адистер кошумчалашкандай, тилсиз жоонун катталышына электр жабдыктарын туташтыруудагы сакталбаган эрежелер, отко этиятсыздык жана кайдыгер мамиле себеп болууда.

Ош облусунун аймагында болсо үч ай ичинде 90 го жакын өрт кырсыгы катталды. Андан келтирилген чыгым 5 млн 159 миң сомду түздү.

Сүрөт: mes.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген