Ош: Аравандагы медреседе кошумча кесип үйрөтүлүүдө

Аравандагы Имам-Аль-Бухари атындагы медреседе окууган студентер эми кошумча кесип ээси боло алат.  Ал учун жаштарды ашпозчулук кесипке окутуу борбору  ачылды. Бул тууралуу “Ынтымакка” “АВЕП” Коомдук фондунун директору Нурлан Токонов  билдирди.

Буга ылайык аталган медресеге “АВЕП” Коомдук фонду тарабынан демилгеленип 300 миңден ашуун сомго керектүү жабдуулар алынып берилди.

Учурда медреседе окуган балдарга жашоо-турмушка керектүү ашпозчу, чач тарач, ширетүүчү сыяктуу кесипке үйрөтүү демилгеси колдоого алынууда. Жыйынтыгында окуу жайыны бүткөн жаштарга жумуш таап, жеке инсандык жактан өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.

Ушул тапта  медресе жаштарын  кесиптик шыктарга окутуу долборуна 36 медресе кошулган. Алар кесипке үйрөткөн жабдуулар менен камсыздалууда.  Акысыз кесип үйрөткөн курстар АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин грантына каржыланууда. Негизги максаты жаштарды терроризм, экстремизм, радикализм азгырыктарынан коргоп, ар түрдүү террордук топторго берилип кетпешинин алдын алуу жана аларды жумуш менен камсыз кылуу болуп саналат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген