Ош: Араванда бөдөнө баккандар көбөйдү. Видео

Араван районунун Чек-Абад айылынын тургуну Хулкарой Эгембердиева бөдөнө бизнеси менен алектенүүдө. Ал ишкерликтин бул түрүн жаңыдан баштаган. Анын айтымында алгач 200 сомго бир бөдөнөнү сатып алып, аны көбөйтүп отуруп 30 га жеткирген. Ушул тартпа, бөдөнөнүн ар бир жумурткасын 5 сомдон сатып, жакшы киреше көрүп жаткандыгын айтат. Жумурткага айыл тургундары кезек күтүп, сатып алып кетишет. Анткени, ал тооктун жумурткасына салыштырмалуу витаминдерге бай болгондуктан ден-соолукка пайдалуу. Бөдөнөнүн жумурткасы иммунитетти бекемдеп, ашказан-ичегилердин жана кан тамыр системаларын жөнго салаарын даригерлер да тастыкташат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген