Ошто алты жашар бала сууга чөгүп кетти

Кечээ түшкү саат 14.30 чамасында Ош шаарынын Туран кичи шаарчасынын 6 жашар тургуну Ош-Араван каналынын жээгинде ойноп жатып, кокустан сууга түшүп кеткен. Өспүрүм куткарылган соң ооруканага жетпей  каза болгон.  Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Каза болгон баланын ата-энеси Орусияда эмгектенишет. Бала буга чейин  таенесинин колунда тарбияланып жаткан.

Мындан улам, милиция сууга түшүү сезону башталышы менен  ата-энелерди жоопкерчиликке чакырат.  Суу аккан каналдарга жакын жашаган тургундар менен атайын жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген