Ош: акциянын алкагында миңге жакын абонент газга болгон карызын төлөштү

Ош шаарында көгүлтүр оттон карызы барларга акция жүрүп жатат. Газдан карызы барлардын негизги каражаты төлөнүп, туумдары жокко чыгарылат. Мунун алкагында бир айга жакын убакытта 968 абонент акцияга катышып, 700 миң сомго жакын негизги карыздарын төлөштү. Бул тууралуу “Ынтымакка” “Газпром Кыргызстан” ЖККсынын Ош газ филиалынын жетекчисинин орун басары Азизбек Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, акция майдын аягына чейин уланат. Айдын он бешинде бир айлык жыйынтык чыгарылат. Акция абоненттердин көгүлтүр отко болгон карызын өндүрүүгө багытталган. Иш чара көгүлтүр от колдонгон бардык абоненттерге тиешелүү. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, карыздарынан кутулушса болот.

“Эгерде каражатты төлөөдөн баш тарткандардын куурларын кескен болсо, аны кайра улоого абоненттен көп акча алынат. Ошондуктан туумдарды жокко чыгарган акция жүрүп жатат. Бул карызды өндүрүүнүн бир айласы, антпесе абоненттер көгүлтүр отту пайдаланып, бирок каражатты төлөөдөн баш тартып жатышат”,- деди  Турдукулов.

Карызы бар абоненттердин саны  6 миңге чукулдайт. Ош газ филиалынын 62 миңден ашуун абоненти бар. Алардын арасынан айрымдары 30 миң сомго чейин карызга батышкан. 41 газ пайдалануучунун иши сотто каралууда.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz