Ош: Ак-Буура дарыясынын жээги көрктөндүрүлөт

Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынат. Алардын орду көрктөндүрүлүп, эс алууга шарт түзүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгыны тарабынан даярдалган Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүп, жашылдандыруу боюнча эскиздик долбоору менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, 2020-жылдын башынан баштап дарыянын жээктери бошотулушу керектигин билдирди.

“Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен белгилүү. Дарыянын жээктерин оңдоп, эс алууга шарт түзөбүз. Ак-Бууранын жээгин жалпы эл пайдаланыш керек. Дарыя шаардын көркү. Долбоордо каралган дарыянын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар, тосулуп алынган жерлер бошотулат. 2020-жыл ичинде курулуш иштери жүрөт”,-деди шаар мэри.

Долбоордо дарыянын жээгин бекемдөө, жөө адамдар басуучу жол, веложол, жарыктандыруу, дарыянын жээгине түшүүчү тепкичтер каралат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген