Ош аэропортунда мыйзамсыз орнотулган тосмо алынды

Ош шаарынын прокуратурасы аэропорттун кире беришине тосмо орнотууда мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалымат боюнча, 2017-жылдын 4-сентябрында жашылдандыруу жана жолдун Ош-Аэропорт участкасынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, эки тараптуу келишимдин алкагында No21 Жол эксплуатациялоо ишканасы (ДЭП) көрсөтүлгөн (165 метр) аэропорттун кире беришиндеги жолдун бир бөлүгүн Манас эл аралык аэропортуна өткөрүп берген.

Бирок, “Манас Эл Аралык аэропорту” ААКсы мыйзамды жана аймакты үчүнчү жактарга пайдаланууга берүүгө тыюу салган эки тараптуу келишимди бузуу менен, бул тилкени “Т. Г” ЖЧКсына берген, алар мыйзамсыз түрдө тосмо орнотуп, аэропортко келген автоунаалардын төлөмүн алып жүрүшкөн.

2021-жылдын 2-июндагы прокурордун жооп актысынын негизинде, мыйзамсыз орнотулган тосмо тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан демонтаждалган.

Прокурордук текшерүүдө жогоруда аталган юридикалык жактардын ортосунда белгиленген келишимдин субарендасына жолдун көрсөтүлгөн бөлүгүн берүү маселеси боюнча айрым пункттарга жалган маалымат киргизүү фактылары да аныкталган.

Материалдар бирдиктүү реестрге 320 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 233 (коммерциялык же башка уюмда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) беренелери боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.