Ош аэропортунда 3 кг баңги заты менен чет өлкөлүк жарандар кармалды. Фото

30-мартта Ош аэропортунда кошуна өлкөлөрдүн биринин жарандары 3 килограммдан ашык баңгизаты менен колго түштү. Бул тууралуу бүгүн УКМКдан билдиришти.

Кармалгандар – 26, 32 жана 33 жаштагы эки аял, бир эркек киши. Алардын багажынан жашыруун сактоочу жай табылып, жалпы салмагы 3 килограммдан ашык чакан таңгакталган баңгизаты алынды. Шектүүлөр наркотикти Орусияга жеткирмекчи болгон.

Кийинки текшерүүдө алынган баңгизаты героин экенини аныкталды.

Бул факт боюнча  УКМК “баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш иши козгоду. Шектүүлөр Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ушул таптаатайын кызмат бул кылмыштын уюштуруучуларын жана ага тиешеси бар башка адамдарды кармоо боюнча иш жүргүзүүдө.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.