Ош: 33 жаштагы аял төрт жылда алты балалуу болду

Кара-Кулжа районунун тургуну Гүлбайра Конутаева эгиз кыздарынан кийин үч эм төрөдү. Анын буга чейин үч кызы болсо, эми үч уулду жарык дүйнөгө алып келип, 33 жашында алты баланын энеси болду. Азыр кубанычы койнуна батпай турган чагы.

Уулдарын ай күнүнө жетпей жети айлыгында операция жолу менен төрөдү. Бири 1 кг 960 гр, экинчиси 2 кг 200 гр, үчүнчүсү болсо 2 кг 175 гр салмакта. Азырынча ымыркайларга ат коюла элек. Үй-бүлөсү болсо уулдарынын бирине ким президент болсо ошол адамдын атын коюуну пландап жатышат.

Азыр Гүлбайра Коунтаеванын улуу кызы төрт жашта. Андан кийинки эгиздер-Жазайым менен Нурайым 2,5 жашка чыгышты. Үч эмдин апасы 29 жашында турмушка чыгып, 33 жашында алты баланын энеси болду.

Белгилей кетсек, Былтыр Ош облустук төрөт үйүндө үч эм катталбаганы менен 100го жакын эгиз төрөлгөн. Бул жылдын тогуз айы боюнча 88 эгиз жарыкка келип, үч эм төрөгөн бир учур катталды.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.