Ош 3 күндө жаркыраш керек! Мэр жооптууларга тапшырма берди

“Үч күн мөөнөт берем. Үч күндүн ичинде бүгүнкү көргөн кемчиликтердин баары: көчөлөрдүн, арыктардын тазалыгы жана түнкү жарыктандыруу системалары калыбына келтирилсин! Ар бир аймактык кеңештердин элдерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү ишканалар менен чогуу иш алып барылсын!” Мындай катуу тапшырманы Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык кеңештин төрагалары менен биргеликте шаардын тазалыгын, жазгы жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин текшерүү учурунда берди.

Рейддин жүрүшүндө калаа башчысы шаардын бир нече кичи райондорун кыдырып, жолдордун, арыктардын, көчөлөрдүн жана сейил бактардын тазалыгын текшерди.

Анын негизинде, шаардагы айрым сейил бактардын түнкү жарыктандыруу системалары толугу менен иштебей тургандыгын, арыктардын жана көчөлөрдүн тазалыгын сынга алып, жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

“ Оштун тазалыгы, көрктүүлүгү шаарыбыздын жүзү. Ошондуктан ар бир мекеме ишканалардын кызматкерлери, шаардын тургундары шаарыбызга өз үйүндөй мамиле кылышы керек. Шаардын тазалыгын, жазгы 3 айлык жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин күчөтүлгөн тартипте алып баргыла”,- деди Кадырбаев.

Мындан сырткары, аймактык кеңештердин төрага, төрайымдары тиешелүү деңгээлде иш алып барбай жаткандыгын айтып, катуу эскертүүлөрдү берди.

Ошондой эле, Айтмамат Кадырбаев шаардагы көрнөк жарнактардын ирээттүүлүгүн, көчө боюнда жайгашкан соода түйүндөрдүн мыйзамдуулугун текшерип, соода түйүндөрдүн алдын таза кармоого чакырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген