Ош: 222-кварталдагы эки жүз кожолук сел коркунучунда жашап жатышат

Ош шаарынын 222-кварталын сел каптоо коркунучу бар. Себеби бул аймакта арык, каналдар казылбай калган. Мындан улам жамгыр көп жааган күндөрү үйлөрдү суу,сел каптайт. Тургундар бул боюнча 10 жылдан бери шаардык мэрияга кайрылып, жыйынтык чыкпай келээрин билдиришүүдө.

Жашоочулар үйдүн суу баскан жерлерин жылыткычтар менен кургатып чыгышат. Антпесе турак-жайлар ным тартып, залакасы тийет.

Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраиловдун айтымында, бул жылы да квартал тургундарынын көйгөйү чечилбейт. Анткени шаардын бюджети аз бекитилди. Мындан улам азырынча шагыл төшөлсө, кийинки жылдан баштап арыктар казыла баштайт.

Калаадагы 222-квартал 2007-жылдары эле негизделип, турак-жайлар салына баштаган. Бирок ошол жылдардан бери каналдар казылбай, жамгыр көп жааган күндөрү үйдүн жер төлөөрүн каптап кетет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген