Ош: көзү азиздерди начар тротуарлар жүдөттү

Ош шаарындагы №18 көп кабатуу үй 2012-жылы мамлекеттик дирекция тарабынан атайын көзү азиздер жана дүлөйлөр үчүн салынып берилген. Бүгүнкү күндө тротуарларда жүрүүгө ыңгайсыз болуп жатат. Бул тууралуу аталган үйдүн жашоочулары билдиришти.

“Акыркы күндөрү тротуарда басуу кыйын болуп калды. Мындан 6-7 жыл мурда төшөлгөн шагыл чөгүп, чуңкурчалар пайда болгон. Бул бизге ыңгайсыздык жаратат”,-дейт -№18 көп кабатуу үйдүн жашоочусу Сырга Мырзаева.

Тротуарлардын начардыгы боюнча тургундар 20-апрелде шаардын онлайн картасы боюнча мэрияга кайрылышкан. Алар бул маселени чечип берүүсүн суранышкан.

Бирок жергиликтүү бийлик аталган көп кабаттуу үйдөгү тротуарлар оңдолбой турганын билдирди.

Ош шаардык мэриясынын жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовдун айтымында, быйылкы жылы көзү азиздер жана дүлөйлөр жүрчү атайын тротуарлар оңдолбойт. Ага бюджеттен акча каражаты каралган эмес. Аталган аймакка тротуар салуу үчүн 7-8 миллион сом керектелет. Бул сумма качан бөлүнүп,  кайсы убакта оңдолору азырынча анык эмес.

Эскерте кетсек, №18 көп кабатуу үй 2012-жылы мамлекеттик дирекция тарабынан атайын көзү азиздер жана дүлөйлөр үчүн салынып берилген. Мында жалпы ден соолугу чектелүү 45 жаран жашайт. Алардын 30у көзү азиз жарандар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген