Орусия: Вакцинаны алгачкылардан болуп ким алат? Артыкчылык топтогулардын тизмеси жарыяланды

Орусиянын саламаттык сактоо министирлиги SARS-CoV-2 оорусун дарылоо боюнча сегизинчи убактылуу рекомендацияны иштеп чыкты. Бул тууралуу РИА НОВОСТИ жазды.

Анда кимдер биринчи болуп вакцинациядан өтөөрү тууралуу айтылды:

  • Медицаналык мекеменин баардык кызматкерлери;
  • Билим берүүнун кызматкерлери;
  • Коргоо кызматкерлери;
  • Коомдук транспорт кызматкерлери;
  • Соода тармагынын жумушчулары;
  • Калкты социалдык жактан тейлөө кызматкерлери;
  • Коомдук тамактануу жайлары жана киши менен тыгыз байланышта болгон мейманкана, чач тарач ж.б. мекемелердин кызматкерлери;
  • Мектеп окуучулары жана студенттер;
  • Аскерге чакырылгандар;

20-августта Орусиянын түз инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев эл аралык журналистттер катышкан онлайн конференцияда массалык вакцинациялоо октябрда башталаарын айткан.

Фондго 20дан ашык өлкөдөн “Спутник V” вакцинасын өндүрүү үчүн арыз түшкөн.

Орусия беш өлкө менен келишим түзүп, жылына 500 млн доза вакцина өндүрөөрү пландалууда.

Эскерте кетсек, Орусия дүйнөдө биринчи болуп “Гамалея” илимий институтунун адистери ойлоп тапкан коронавируска каршы вакцинаны август айынын башында каттаган. Орусиянын вакцинасы текшерүүдөн эки жолу ийгиликтүү өтүп, үчүнчү стадиясында болсо массалык вакцинациялоо дагы, текшерүү дагы болоору айтылды.

Буга чейин белгилүү инсандардан коронавируска каршы чыгарылган бул вакцинанны өлкө башчы Владимир Путиндин кызы, жана жакында эле белгилүү саясатчы Владимир Жириновский алды. Ошондой эле вакцинаны алууга 40 миңден ашуун ыктыярчы катышууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.