Орусиянын ири соода түйүндөрүнүн текчелеринде Кыргызстандын товарлары пайда болот

Экспортчуларга колдоо көрсөтүү максатында 29-30-июлда Кыргызстандын экономика жана финансы министрлиги БУУнун өнүктүрүү программасынын “Борбордук Азияда соодага көмөктөшүү” долбоору менен биргеликте орусиялык чекене сатуучулар менен В2В форматындагы жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Иш чарага тамак-аш, айыл чарба жана тигүү өндүрүшүнүн 35тен ашуун ата мекендик компаниялары катышты. Орус тараптан «‎Магнит», «‎Утконос», «‎Слата», «‎Продмассив Сибирь», «‎Агромирмаркет» жана «‎Доброцен» сыяктуу соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Министрликтин маалыматы боюнча, В2В сессиясынын жыйынтыгы боюнча орус соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү кыргыз продукциясын жеткирүүгө кызыкдар экенин билдиришти жана тышкы соода келишимдерин түзүү боюнча мындан аркы иштерди жүргүзүүгө макул болушту.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.