Орусиядан Ошко каттамдардын саны кайрадан көбөйөт

5 -октябрдан тарта Орусия менен бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын ортосунда аба кыймылы өз ара негизде жанданат. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн сайтында маалымдалды.

Тактап айтканда, Москва – Ош – Москва багыты жумасына төрт жолу жыштык менен калыбына келтирилүүдө.

Санкт -Петербург – Бишкек – ​​Санкт -Петербург, Санкт -Петербург – Ош – Санкт -Петербург жана Новосибирск – Ош – Новосибирск багыттары боюнча жумасына бир рейс болот.

Ушундай эле жыштык менен Красноярск – Ош – Красноярск, Екатеринбург – Ош – Екатеринбург жана Иркутск – Ош – Иркутск каттамдары боюнча аба каттамдары жанданат.

Буга чейин Орусиянын ыкчам штабы буга чейин аталган өлкөнүн шаарларынан Кыргыз өлкөсүнүн шаарларына каттамдардын санын көбөйткөн.

27 -августта Орусиянын алты шаарынан аба каттамдары жанданды.

Кошумчалай кетсек, Орусия Өзбекстан менен Тажикстанга, Жаңы Зеландияга, Бириккен Араб Эмираттарына, Африкага, Японияга, Данияга, Бахрейнге жана Индияга аба каттамдарынын санын көбөйтүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.