Орусиялык “Спутник-V” вакцинасы Кыргызстанда каттоого алынды

Кыргызстанда орусиялык “Спутник-V” вакцинасы каттоого алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, эми препарат өлкө аймагында коронавируска каршы эмдөө каражаты катары расмий таанылды.

Кыргызстанда эмдөө мартта башталат. Алгач вакцина медицина кызматкерлерине, мугалимдерге жана башка каалоочуларга мамлекеттин жана донорлордун эсебинен жасалат.

Эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.