Орусиялык депутат Ваха Агаев коронавирустан каза болду

Орусиялык 67 жаштагы депутат Ваха Агаев коронавирус илдетинен каза болгонун РиаНовости сайты маркумдун кесиптешине шилтеме берип жазды.

Орусия Федерациясынын Коммунистикалык партиясынын мүчөсү Сергей Гаврилов кесиптеши буга чейин комада жаткандыгын айткан.
“Ваха менин жакын досум болчу. Төрт жыл чогуу иштетик, жанымда олтурчу эле. Комада жатканда айыгып кетет деп ишенген элем. Досум меймандос, жүрөгү таза адам болчу, аябай ичим ачышып атат”,-деген Гаврилов. 
Коронавирус инфекциясы Орусия өлкөсүнүн 1 млндон ашык адамына жугуп, 19 800 бейтап көз жумду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген