Орусияга Кыргызстанда өндүрүлгөн деген жашылча-жемиштерин алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

Аткезчилик менен алектенгендер Кыргызстандын продукциясы дешип, Орусияга 70 тонна мөмө-жемиш алып өтүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Омск облусундагы Россельхознадзор департаментинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, карантиндик фитосанитардык көзөмөл учурунда, өнүмдөр жараксыз фитосанитардык сертификаттар менен алынып келингендиги аныкталды.

Жалпы салмагы 70 тоннага жакын төрт партия (өрүк, алча, лимон, помидор) Кыргызстандан келип чыккан деп көрсөтүлгөн, ал эми этикеткасында болсо, өрүктөр тажикстандан, алча, лимон жана помидорлор – өзбекстанда өндүрүлгөн болуп чыкты.

Кармалган жүк, Орусиянын Краснодар жана Алтай аймактарында, Новосибирск, Москва, Ростов, Самара жана Омск аймактарында сатууга багытталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.