Орусиядагы пляждан кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды

Орусиянын Кировск шаарындагы пляждан Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 30-апрелде Кировск шаарындагы Нева дарыясынын жээгиндеги пляждан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдары маркумдун 41 жаштагы Кыргызстандын жараны экенин аныкташкан. Ал Иркутск облусунда каттоого туруп, Ленинград облусунда мыйзамсыз жашаган.

Полиция маркум киши колдуу болуп өлгөнүн, анын башында жаракаттар бар экенин аныктаган. Маалыматта бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы жазылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген