Орусиядагы кыргыздарды “сызга олтургузуп” жүргөн тоноочулар кармалды

Орусияда эмгектенип жаткан кыргыз мигранттарынан салык алып жүргөн кыргыздардын “каралары” кармалды.

Бүгүн, 21-мартта Фейсбук колдонуучулардын биринин баракчасында орусиялык тартип сакчыларынын кыргыз улутундагы эки кишини кармап, аеосуз уруп жаткан видеолору жана сүрөттөрү пайда болду.

Аталган видео жана сүрөттөрдү жарыялаган Фейсбук колдонуучунун маалыматында Орусияда кармалган адамдар ошол жактагы кыргызстандык мекендештерди тоноп жүргөндөр экендиги айтылган.

“Ансыз деле бөтөн жерде мусаапыр болуп жүрөт кыргызстандыктар. Ага карабай “каралар” тоношот. Бирөөнүн элинде жөн эле жүрсөңөр боло, ушундай эле кыйын болсоңор мафиялашып кеткен кыргыздын чиновниктерин тонобойсуңарбы. Китеп окуган болсоңор “Робин Гуддун” байларды тоноп, кедей-кембагалдарга таратып бергенин, ошол себептен ал баатыр аталып, ал тууралуу китептер жазылганын билет элеңер. Орусия деген Кыргызстан эмес, ал жакта арыз жазсаң каралат, мыйзам күчтүү. Али көргүлүктү көрөсүңөр. Чала рекеттер, акылыңарга келгиле!”,-деп жазган Фейсбук колдонуучу.

Колго түшкөн “каралар” “Сакалдын балдары” деген каймана ат менен белгилүү экендигин маалыматта кошумчаланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген