Орусияда коронавирус менен жабыркагандардын саны 20га жетти

Москвада дагы үч кишиден коронавирус Covid-19 табылды. Бул тууралуу кечээ, 9-март күнү РИА Новости жазды.

Эпидемиологиялык иликтөөлөр көрсөткөндөй, тумоологон бейтаптардын баары акыркы эки жуманын ичинде Италияга барып келишкендер. Алар учурда атайын инфекция бокстарына жаткырылды.  Оорулуулар менен тыгыз байланышта болгондор да аныкталып, текшерилүүдө.

Бул тумоо менен ооруп, катталгандардын саны Орусияда 20га жетти. Алардын экөөсү кытайлыктар, 17си вирусту Италиядан жуктуруп келген россиялыктар болсо, бирөөсү Италиянын жараны.

Акыркы алынган маалыматтарга таянсак, ушул тапта дүйнө жүзү  боюнча 109 835  адам илдетти жуктурган. Каза болгондордун саны 3 803тү түзөт. Ал эми 60 695 адам коронавирустан сакайгандар.

Вирус 100дөн ашык мамлекетке тарады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген