Орусияда көк бөрү боюнча мелдеш өтөт


12-июнь күнү Орусиянын Сергиев Посад шаарында 2021-жылы жарыяланган кайчылаш жылга даярданууга арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу sport.kg жазды.

Аталган турнир Орусия жана Евразия элдеринин III Дүйнөлүк дене тарбия фестивалынын алкагында өтүп жатат.

Турнирдин жеңүүчүлөрү уюштуруу комитетинин кубогу менен, ал эми катышуучулар сувенир менен сыйланышат.

Аталган мелдешти спорт жана тынчтык маданиятын жайылтуу боюнча региондор аралык коомдук фонду, Орусия элдеринин ассамблеясы жана КРнын көк бөрү федерациясы уюштурат.

Мелдеш Көк бөрү федерациясынын эрежелери боюнча өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.