Орусияда эмгек мигранттарын эмдөөнү баштоону пландашууда

Орусиянын президенти өкмөткө, Орусияга жумушка келген чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды 15-июлга чейин эмдөөнү уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости Кремлдин сайтына шилтеме берүү менен жазды.

Анда, аталган өлкөнүн мамлекет башчысы бул үчүн каржы булактарын аныктоо тапшырганы айтылат.

Орусияда акыркы айларда коронавируска байланыштуу кырдаал курчуп кетти. Өлкөдө, күнүнө бир нече жолу, коронавируска чалдыккан 20 миң жаңы бейтап табылууда.

Коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн бийлик айрым региондордогу бир катар категориядагы жарандарга милдеттүү эмдөө киргизүүнү чечти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.